15.05.24

Түркиянын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министрлиги менен Азербайжандын Экономика министрлиги шейшемби күнү Стамбул шаарында, Түркмөнстан жаратылыш газынын Азербайжан жана Грузия аркылуу Түркияга жеткирилиши боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу “Bloomberg HT” маалымат кызматы билдирди.

Түркиянын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар ​​Азербайжандын Экономика министри Микаил Жаббаров менен бирге Стамбулда Түркия менен Азербайжандын ортосунда жаратылыш газ тармагында кызматташуу келишимине кол коюу аземине катышты.

Алпарслан Байрактар ​​сүйлөшүүлөрдүн алкагында, эки өлкөнүн “Баку-Тбилиси-Эрзурум” газ кууру жана “Транс-Анадолу” газ кууру (TANAP) долбоорун иштеп чыгышкандыгын  эскерип өттү.

Буга чейин, Түркиянын мамлекеттик “BOTAŞ” компаниясынын жетекчилиги Түркмөнстан газын Түркия рыногуна экспорттоого колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирген болучу.

https://business.com.tm/ru/post/11822/turkmen-gas-to-flow-to-turkiye-via-azerbaijan-and-georgia