17.05.24

Түркия 2035-жылга чейин кайра жаралуучу жашыл энергия булактарынын (ВИЭ) алынган энергиянын кубаттуулугун 60 миң мегаваттка (МВт) көбөйтүүнү пландоодо.

Бул тууралуу, Түркиянын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар ​​“X” социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

Алпарслан Байрактар: ​​“Апрель айында биз күн жана шамал энергиясын өндүрүүдө жаңы рекорддорду жаңырттык, Түркия  2035-жылга карата кайра жаралуучу жашыл энергиянын кубаттуулугун 60 миң мегаваттка (МВт) көбөйтүүнү көздөп жатабыз”, - деп жазды.

Министр апрель айында күндөн электр энергиясын өндүрүү 2,4 миллиард киловатт-саатка жетип, бардык убактагы айлык рекордду жаңыртканын белгилеп келип: “Өткөн айда күн энергиясынын жалпы электр энергиясын өндүрүүдөгү үлүшү 10% пайызга жетип 3,2 миллиард киловатт-саатты түздү”- деп билдирди.

Министрдин айтымында, энергиянын кайра жаралуучу булактарынын негизинде, электр энергиясын өндүрүүнүн жалпы көлөмү болуп көрбөгөндөй эң жогорку деңгээлге 15,5 миллиард киловатт-саатка (КВт) жеткен.

https://report.az/ru/energetika/bajraktar-turciya-k-2035-godu-namerena-uvelichit-moshnosti-v-sfere-vie-na-60-tys-mvt/