25.05.24

Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттер Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын маалыматтык системаларын интеграциялоого багытталган жөнөкөйлөтүлгөн бажы коридорун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоону аяктады.

Жөнөкөйлөштүрүлгөн бажы коридору жөнүндө макулдашуу, Транскаспий эл аралык транспорт коридорунун (Орто коридор) тышкы соода ишмердигин жөнөкөйлөтүүгө багытталган. Бүгүнкү күндө, Казакстандын гана эмес Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы соодасындагы негизги үлүшү эки негизги коридор: Россия аркылуу Европага жана Кытай аркылуу өтөт .

Жаңы келишим Каспий, Азербайжан жана Түркия аркылуу өткөн Транскаспий коридорун өнүктүрүүгө багытталган. 2010-жылдан 2022-жылга чейин, аталган келишимге катышкан өлкөлөрдүн соодасы үч эсеге өскөн. Ошондой эле мындан кийин келечекте өнүгүү үчүн чоң потенциалы бар.

Бүгүнкү күндө, Казакстан үчүн бул Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөр менен товар жүгүртүүнүн көлөмү дээрлик 13 миллиард долларды түзөт жана анын 70% пайызы Казакстандын экспортуна туура келет.

Жөнөкөйлөтүлгөн бажы коридорунун төмөнкүдөй артыкчылыктары бар: соода операторлору өткөрүү пункттарында артыкчылыктуу тейлөөнү алышат, бул күтүү убактысын кыскартат; бажы тариздөө жол-жоболору өзүнчө тилкелерди колдонуу менен оптималдаштылат, бул жол-жоболоштуруу мөөнөттөрүн андан ары кыскартат; бажылык текшерүү бажы мыйзамдарын бузуу коркунучу аныкталган учурларда гана жүргүзүлөт, бул токтоп туруу убактысын жана чыгымдарды кыскартат.

Жөнөкөйлөтүлгөн бажы коридору жөнүндө макулдашуу конкреттүү тармактарды да, бажылык тариздөө үчүн товарларды тандоону да чектебейт. Соода операторлору товарлардын бардык түрлөрү үчүн жөнөкөйлөтүлгөн жол-жоболорду колдоно алат дегенди билдирет.

Жөнөкөйлөштүрүлгөн бажы коридорун түзүү боюнча макулдашуу ратификациялангандан кийин, алты айлык пилоттук долбоор ишке ашырылат. Ошол убакыт аралыгында, беш өлкөнүн бажы структуралары жаңы системанын бардык техникалык, административдик жана укуктук аспектилерин толук иштеп чыгышат. Пилоттук долбоор аяктагандан кийин система толук кандуу иштей баштайт.

Белгилей кетсек, Азербайжан, Түркия, Өзбекстан жана Кыргызстан бул келишимди 2023-жылы ратификациялаган. Эскерте кетсек, келишимге 2022-жылдын 11-ноябрында Самарканд шаарында Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан өкмөттөрүнүн ортосунда кол коюлган.

https://report.az/ru/biznes/tyurkskie-gosudarstva-uproshayut-tamozhennye-procedury-po-napravleniyu-srednego-koridora/