27.05.24

Грузия Түркмөнстан газын өз аймагы аркылуу, Түркияга жеткирүү боюнча жаңы долбоорлорду колдойт жана жардам көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу, Грузиянын Ашхабаддагы элчиси Константин Сабиашвили өлкөнүн мамлекеттик эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына арналган билдирүүсүндө белгилеп өттү.

Элчи билдирүүсүндө: “Грузия тарап Түркмөнстан газын өзүнүн аймагы аркылуу Түркияга жана андан ары батышка, Түштүк газ коридорунун газ куурлары аркылуу жиберүүгө даяр. Ошондой эле жашыл энергияны ташуу боюнча жаңы долбоорлорду активдүү илгерилетүүгө колдоо көрсөтөт”, - деп белгилеп өткөн.

Ал ошондой эле Грузиянын өкмөтү инфраструктуралык долбоорлорго чоң инвестиция салып жатканын, транспорттук-транзиттик системаларды, энергетикалык коридорлорду өнүктүрүүгө жана жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.

Элчи: “Грузия жаңы Анаклия портун, ошондой эле Тбилисиде жаңы аэропортту жана Телави менен Сванетиде эки аэропортту куруу пландаштырылууда. Грузия өз аймагы аркылуу жүк агымын көбөйтүүгө даяр. Мындан тышкары, Түркмөнстандын жүктөрүн Европага жиберүүгө жана сактоого Грузиянын деңиз портторунда болгон инфраструктураны (терминалдар, кампалар) колдонууга же жаңысын түзүүгө чакырат”, - деп жыйынтыктады.

Эскерте кетсек, Түркиянын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министрлиги менен Азербайжандын Экономика министрлиги шейшемби күнү Стамбулда түркмөн жаратылыш газынын Азербайжан жана Грузия аркылуу Түркияга жеткирүү боюнча келишимге кол коюшкан.

https://business.com.tm/ru/post/11876/georgia-ready-to-aid-turkmen-gas-transit-to-turkey