09.07.24

Азербайжандын Шуша шаарында өткөн Түрк мамлекеттери уюмунун мамлекет башчыларынын бейформал саммитинде, Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз түркмөн газынын Түркия аркылуу экспортко чыгуусу Европанын энергетикалык коопсуздугуна салым кошо турганын билдирди.

Жевдет Йылмаз: “Транскаспий ресурстарын, өзгөчө түркмөн жаратылыш газын Түркия жана Европага ташуу биздин улуттук жыргалчылыгыбызга да, Европанын энергетикалык коопсуздугуна да салым кошот. Биз  Түрк мамлекеттери уюмунун алкагында, энергетикалык механизмдин түзүлүшүнө кубанычтабыз жана биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүнү колдойбуз” – деп белгилеп өттү.

Анын айтымында, Түрк мамлекеттери уюму дүйнөлүк экономикалык тартылуу борборлору өзгөрүп, түрк географиясынын мааниси жогорулап жаткан учурда, түрк мамлекеттеринин ортосундагы байланыштарды мындан ары да чыңдоого салым кошот.

Ошондой эле  Жевдет Йылмаз: “Орто коридорду өнүктүрүү боюнча биздин өлкөлөр жүргүзө турган иштер биздин кызматташтыгыбызды бекемдеп, түрк дүйнөсүнүн глобалдык ролун көрсөтөт”, - деп билдирди.

https://business.com.tm/ru/post/12058/turkmen-gas-supplies-via-turkey-to-ensure-europes-energy-security