02.10.2018

Түркмөнстандын президенти Түркмөнстан-Ооганстан-Пакистан-Индия (ТАПИ) жаратылыш газ куурунун курулушуна АКШ компанияларын катышууга сунуш кылды.

Бул демилгесин ал АКШга болгон иш сапары учурунда "Түркмөнстан-Америка" бизнес-форумунда билдирди.

"Долбоор чынында эле өтө чоң келечеги  бар, энергия агымдарына жаңы багыт ачып бермекчи. Бул тездик менен Индия жана Пакистан сыяктуу экономикасы динамикалуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү энергия менен камсыз кылууга чоң мүмкүндүк берет. Ошондой эле андан ары Азия-Тынч океан аймагындагы кеңейип жаткан базарга чыгууга дагы жардамчы болмокчу ”- деп белгилеп өттү.

Түркмөнстандын президенти ТАПИ долбоорун практикалык жактан ишке ашыруу стадиясында кирди деп белгиледи. Кызыккан компаниялардын катышуусу үчүн ачык болуп саналат, ал америкалык өнөктөштөр реалдуу түрдө ага катышууга мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди.  

Напомним, 23 апреля после встречи с президентом Гурбангулы Бердымухамедовым глава Узбекистана Шавкат Мирзиёев заявил, что Ташкент готов принять участие в строительстве газопровода ТАПИ. По мнению президента Узбекистана, газопровод является грандиозным проектом, строительство которого окажет стабилизирующее действие на Афганистан.

Эске салсак 23-апрелде, Гурбангулы Бердымухамедов менен болгон жолугушуусунда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Ташкент ТАПИ газ куурунун курулушуна катышууга даяр экенин билдирген. Өзбекстан президентинин  айтымында, газ кууру ири долбоор, анын курулушу Ооганстанды турукташтыруучу таасирге ээ болот.

https://kun.uz/ru/news/2018/10/02/berdymuhamedov-priglasil-amerikanskie-kompanii-prinat-ucastie-v-proekte-gazoprovoda-tapi