16.09.19

Астрахань областынын губернатору Игорь Бабушкиндин айтымында, Түркмөнстан жана Россия  2020-жылы, Каспий деңизинде туристерди алып жүрүүчү круиздик кемелерди ишке киргизүүнү макулдашышкан.

Круиздик кемелер, Каспий деңизинин жээгинде жайгашкан эки өлкөгө тиешелүү болгон, тарыхый жана маданий жерлерге туристерди  алып баруу кызматын аткармакчы.

Игорь Бабушкин: “Азыркы күндө бир нече маршруттук жүрүштөрдүн варианттары даярдалган. Алардын ичинен эң маанилүү болгон  Астрахан – Актау-Түркмөнбашы-Баку- Махачкала шаарлары аркылуу өткөн маршрут кирет” - деп билдирди Астрахань областынын жетекчиси.

Мындан тышкары, кошумча ирээтинде жогорудагы эки өлкөдөн тышкары Казакстан, Иран, Азербайжан мамлекеттери дагы круиздик саякаттоо маршрутуна кошулууга кыздар экендигин айтып өттү. Такталган маалыматтар боюнча "Мостурфлот" ачык акционердик коомунун, 2020-жылы үч даана круиздик кемелери Каспий деңизинде туристерди кездирүү үчүн алып чыгышмакчы. Ар бир кеме 1050 адамды алып жүрүүгө ылайыкташтырылат.

 

https://polit.info/468697-rossiisko-turkmenskie-kruizy-po-kaspiyu-zapustyat-v-2020-godu