02.02.20

Түркмөнстандын Марий велаятында (өлкөнүн түштүк-чыгышында жайгашкан облусу) Түркмөнстан – Афганистан – Пакистан (ТАП) электр өткөрүү линиясынын курулушун баштоо аземи болуп өттү.

Мамлекет башчысынын токтомуна ылайык, Түркмөнстандан Афганистан чек арасына чейинки электр өткөрүү линиясын "Calik Holding" аттуу Түркиялык компанияга караштуу «TAPP-500 Power Transmission Line FZE» компаниясы ишке ашырмакчы.

Курулуш ишинин ачылыш аземине, Түркмөнстандын вице-премьер минстри Чарымырат Пурчеков жана “Calik Holding” компаниясынын жетекчиси Ахмед Чалык, Түркмөнстандын энергетика тармагынын өкүлдөрү, чет өлкөлүк адистер жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жаңы курулуп жаткан электр өткөрүү линиясы, Түркмөнстандын электр энергиясын Пакистан жана Түштүк Азиянын башка өлкөлөрүнө Афганистан аркылуу экспорттоого мүмкүндүк берет. Электр берүү линиясынын аталган участогунун курулушун аяктоо 2021-жылдын август айына  пландалууда.

http://www.turkmenistan.ru/ru/articles/44671.html