18.12.20

Татарстанга таандык “Татнефть” компаниясы Түркмөнстандын аймагында «Туркменнебит» мамлекеттик концерни менен мурда түзүлгөн добоорунун алкагында 770 миң тонна мунай өндүрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу, 18 декабрь күнү, «ТАСС» маалымат агентигине Татарстан Автономиялуу Республикасынын президенти Рустам Минниханов билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда “Татнефть” компаниясы Түркмөнстанда нефтини казып алууну көбөйтүү үчүн сервистик кызмат көрсөтүүдө. “Туркменнебит” мамлекеттик консерни менен биргелешип иштеген учурдан бери кошумча дагы 286 миң тонна  кошумча нефти өндүрүшкөн.

Мындан тышкары, 480 жаңы жумушчу орундары түзүлгөн. Ошондой эле Рустам Минниханов “Татнефть” компаниясы Түркмөнстандын өкмөтү менен 2028-жылга чейин келишимдин узартылгандыгын билдирди. Өзгөчө белгилей кетчү нерсе, Түркмөнстандын өкмөтү нефти жана газ тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп келет.

Ушул жылдын декабрь айында, Азербайжандын мамлекеттик “SOCAR Trading” мунай компаниясы 2021-жылы Түркмөнстандын “Окарем” мунай кенинен казылып алына турган 500 миң тонна продукциясын сатып алуу боюнча тендерди утуп алган.

Сатылып алынган нефтини “Баку-Тбилиси-Жейхан” мунай кууру аркылуу Түркияга экспорттоону пландоодо.

https://centralasia.news/8158-minnihanov-zajavil-o-planah-tatnefti-dobyt-v-turkmenistane-770-tys-t-nefti.html