16.02.21

2020-жылдын соңуна карата, Түркмөнстан жана Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 527 миллион долларды түзгөн. Бул тууралуу, “Business Türkmenistan” маалымат агенттиги билдирди.

2020-2017-жылдар аралыгында эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү дээрлик үч эсеге көбөйгөн. 2020-жылга карата Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин келтирген маалыматында, Өзбекстандан товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү импорттоп алууда, көлөмү жана өсүү темпи боюнча Түркмөнстан алдыңкы он мамлекеттин катарына  кирген.

Түркмөнстан Өзбекстандан айыл чарба техникаларын, жаңы жана иштетилген жашылча-жемиштерди, минералдык жер семирткичтерди, курулуш материалдарын жана химиялык продукцияларын сатып алат.

2020-жылдын жыйынтыгын чыгаруу алдындагы телефондук сүйлөшүүлөрүндө, Гурбангулы Бердымухамедов жана  Шавкат Мирзиёев эки өлкөнүн соода-экономикалык мамилелеринде динамикалык өсүш болгондугун  баса белгилешкен болучу.

https://turkmenportal.com/blog/34423/torgovyi-oborot-mezhdu-turkmenistanom-i-uzbekistanom-v-proshlom-godu-sostavil-okolo-530-millionov-amerikanskih-dollarov