03.12.21

Түркмөнстан Кыргызстанга Түркмөнбашы эл аралык деңиз портун товарларын ташуу үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушун берди. Мындай сунуш бейшемби күнү соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча “Түркмөн-кыргыз” өкмөттөр аралык комиссиясынын бешинчи онлайн отурумунда талкууланды.

Түркмөнстандын расмий маалымат каражаттары билдиргендей, комиссиянын ишине эки бир тууган өлкөнүн  министрликтеринин, тармактык ведомстволорунун жана бизнес чөйрөлөрүнүн жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Маалыматка ылайык, эки өлкөнү Каспий деңизине чыгуучу жол менен байланыштыруучу транспорттук коридор боюнча биргелешкен иштери боюнча сунуштар айтылды.

Ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн алкагында, тараптар соода-экономикалык чөйрөдөгү өнөктөштүктү диверсификациялоого жана өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүүгө көмөктөшүүгө багытталган конкреттүү кадамдарды талкуулашты.

Тараптар экспорттук-импорттук операцияларды көбөйтүүгө жана жеткирилүүчү товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ассортиментин кеңейтүүгө, инвестиция чөйрөсүндө байланыштарды курууга, ошондой эле эки мамлекеттин чарбалык субъекттеринин ортосунда түз байланыштарды түзүүгө багытталган кошумча чараларды көрүү зарылчылыгы белгиленди.

Бул перспективдүү багыттарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиленип, комиссиянын мүчөлөрү иштин негизги аспектиси эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда түз байланыштарды түзүүгө, өнөр жай кооперациясын кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө көмөктөшүү жана биргелешкен ишканаларды түзүүнү макулдашышты.

Көрүшмөнүн жыйынтыгында, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча “Түркмөн-кыргыз” өкмөттөр аралык комиссиясынын ишинин жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколдорго кол коюлду.

https://business.com.tm/ru/post/7931/kyrgyzstanu-predlozheno-ispolzovat-moshchnosti-morskogo-porta-turkmenbashi