08.12.21

Түркмөнстандын газ өндүргөн кендеринин катары жаңы  “Агаргуй” кени менен толукталды. Жакында эле аталган кенде эки скважина бургуланып, көгүлтүр от өндүрүү иштери башталды.

Бул масштабдуу иштерди “Түркмөнстандын мунай жана газ өнөр жайын 2030-жылга чейинки мезгилде өнүктүрүү программасын” ишке ашыруунун алкагында аткарылды. “Малай” ири газ кенинин жанында жайгашкан “Агаргуи” кенин бургулоо иштерин “Лебапнебитгазгозлег”  “Түркменгеология” мамлекеттик корпорациясы тарабынан аткарылган. Өндүрүш иштери менен байланышкан жумуштарды “Туркменгундогарнебитгурлушик” жана  “Түркмөнгаз” компанияларына таандык курулуш-монтаж бөлүмдөрүнүн  адистери тарабынан жүргүзүлгөн. Азыркы учурда “Агаргуи” кенинен Кытайга, Борбор Азия-Кытай трансулуттук газ кууру аркылуу, күнүнө 300 миң кубометрден ашык жаратылыш газы жөнөтүлүүдө.

https://www.oilgas.gov.tm/ru/posts/news/3493/vvedeno-v-ekspluatatsiyu-novoe-gazovoe-mestorozhdenie-agarguyy