12.17.21

Татарстан Республикасынын жүк ташуучу унааларын чыгарган “КАМАЗ” автозаводу, Түркмөнстанга 2022-жылы сыноо үчүн электр менен жүрүүчү автобустарын экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу “Tatar-inform” маалымат агенттиги билдирди.

Араб өлкөлөрүндө бул электр менен жүрүүчү автобустарга бир топ кызыгуу бар экенин айткан  “КАМАЗ” автозаводунун генералдык директору  Сергей Когогин, компания учурда Перс булуңундагы өлкөлөргө электрдик автобустарын сатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтып өттү.

Учурда Москва шаарында электр автобустары жүргүнчүлөрдү ташып иштеп жатканы кабарланууда. Түркмөнстанга “КАМАЗ” автозаводунан өндүрүлгөн электр автобустарын жеткирүү маселесин, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Татарстан Республикасынын президенти Рустам Минниханов ушул жылдын май айында Ашхабадда да талкуулашкан болучу.

Эскерте кетсек, Татарстанда жайгашкан “КАМАЗ” автозаводу жүк ташуучу унааларды өндүрүүдө өкөдө алдыңкы орунду ээлейт. Ошондой эле оор жүк ташуучу унаалардын чиркегичтерин, автобустарды, автоунаалардын кыймылдаткычтарын өндүрүү менен алектенет. 2021-жылы завод 350 даана электр автобустарын өндүргөн. Электр автобустары Россиянын ири шаарларында учурда колдонулууда.

 

https://arzuw.news/turkmenistan-i-kamaz-dogovarivajutsja-o-postavke-jelektrobusov