20.12.21

Индиянын Нью-Дели шаарында, 19-декабрь күнү Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана Тышкы иштер министри Рашид Мередов баштаган Түркмөнстандын делегациясы үчүнчү “Борбордук Азия-Индия” диалогуна  катышып келишти.

Аталган жыйынга Индия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын Тышкы иштер министрлери катышты.

Катышуучулар көп кырдуу кызматташтыкты чыңдоо жана эки тарапты кызыктырган түрдүү аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу үчүн эффективдүү аянтча катары “Борбордук Азия-Индия” диалогунун ролунун жогору экендигин белгилешти.

Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, тараптар кызматташуунун бул форматы аймактык тынчтыкка, коопсуздукка, стабилдүүлүккө, туруктуу экономикалык өсүшкө, ошондой эле аймактардын гүлдөп-өнүгүүсүнө салым кошоорун баса белгилешти.

Ошондой эле, Түркмөнстандын Тышкы иштер министри Борбордук Азия өлкөлөрү менен Индиянын ортосундагы саясий-дипломатиялык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүү ырааттуу өнүгүп жатканын белгиледи. Муну менен катар биринчи кезекте, фармацевтика, маалымат технологиялары, айыл чарба, энергетика жана текстиль өнөр жайы сыяктуу тармактарда кызматташуу үчүн чоң потенциал бар экенин кошумчалады.

Жыйынга катышкан тышкы иштер министрлери Афганстандагы кырдаал боюнча пикир алмашкандан кийин өлкөнүн тынч, коопсуз жана стабилдүү өнүгүшүн колдой тургандыктарын ырасташты, ошону менен бирге эгемендүүлүктү, биримдикти, аймактык бүтүндүктү сыйлоо жана анын ички иштерине кийлигишпөө зарылдыгын да баса белгилеп өтүштү. Эскерте кетсек, “Борбордук Азия-Индия” экинчи диалогу былтыркы жылдын октябрь айында өткөн.

https://business.com.tm/ru/post/8005/nyudeli-provel-tretii-dialog-centralnaya-aziyaindiya