21.12.21

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 20-декабрь күнү экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Түркмөнстан-Казакстан өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын 11-жыйыны болуп өттү.

Аталган жыйынга Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Чары Гылыджов жана Казакстандын вице-премьер-министр Роман Скляр катышты. Ошондой эле жолугушууга эки өлкөнүн бир катар министрликтери менен ведомстволорунун жетекчилери жана өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө, эки тараптуу жана көп тармактуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарына токтолуу менен катар мунай, газ жана транспорт-коммуникация тармактардагы кызматташтык баса белгиленди.

Мындан тышкары, Нур-Султан жана Ашхабад шаарларында өткөн  мурунку отурумдарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Муну менен катар, соода-экономикалык, энергетикалык жана транспорттук-логистикалык тармактарда, айыл чарбасында, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайларында натыйжалуу өнөктөштүктү мындан ары арттыруу зарылчылыгы белгиленди.

Ошондой эле жолугушуу учурунда, Казакстандын вице-премьер-министри Роман Скляр жана Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Мындан тышкары, эки өлкөнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин жана өкүлдөрүнүн эки тараптуу жолугушуулары болуп өттү.

Түркмөнстан-Казакстан өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын 11-жыйынын соңунда  жыйынтыктоочу протоколго кол коюлду.

https://business.com.tm/ru/post/8009/sostoyalos-11e-zasedanie-turkmenokazahckoi-mezhpravitelstvennoi-komissii