23.12.21

Түркмөнстан 2022-жылдын башынан тарта, Азербайжанга Иран аркылуу газ жеткирүүнү баштамакчы. Бул тууралуу, Ирандын нефти министри Жавад Оуджи билдирди.

Министр Жавад Оуджи: “Газды берүүнүн көлөмү жылына 1,5-2 миллиард кубометрди түзөт, аны суук мезгилде өлкөнүн түндүк аймактарын да газ менен камсыздоого колдоно алабыз”, - деп белгилеп өттү.

Эскерте кетсек, 28-ноябрь күнү, Ирандын президенти Эбрахим Раиси Ашхабадда өткөн Экономикалык кызматташтык уюмунун 15-саммитине катышкан. Аталган самитин жүрүшүндө Азербайжан, Иран жана Түркмөнстан газ алмашуу боюнча үч тараптуу келишимге кол коюшкан. Анда 2021-жылдын 25-декабрынан тарта газ бериле баштары билдирилген.

Документте, Иран аркылуу Түркмөнстандан Азербайжанга жыл сайын 1,2 миллиарддан 2 миллиард метр кубга чейин газ жеткирилери белгиленген. Келишимден түшкөн пайда Иранга өзүнүн беш провинциясын газ менен камсыздоого мүмкүндүк бермекчи. Ал эми келишимдин аяктоо мөөнөтү белгиленген эмес.

Эскерте кетсек, 13-декабрда Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Ирандын президенти Эбрахим Раиси телефон аркылуу сүйлөшкөн. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө газ тармагындагы кызматташууга канааттангандыгы билдирилген.

https://kabar.kg/news/ministr-irana-turkmenistan-nachnet-svopovye-postavki-gaza-v-azerbaidzhan-v-nachale-2022-goda/