08.01.22

Түркмөнстан Иран аркылуу Азербайжанга берилүүчү түркмөн газынын көлөмүн жылына 15 миллиард кубометрге жеткирүүнү пландоодо.

Ушул жана энергетика тармагындагы кызматташуунун башка маселелери Тегеран шаарында, Түркмөнстан менен Ирандын делегациялары тарабынан талкууланды. Бул тууралуу, “Trend” маалымат агенттиги  Ирандын мунай министри Жавад Оуджинин билдирүүсүнө шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Жавад Оуджинин айтымында, жакынкы күндөрү өлкөлөр ортосунда энергетика тармагындагы кызматташуу боюнча бир нече документтерге  кол коюлат.

Эскерте кетсек, былтыр 28-ноябрь күнү Ашхабадда Экономикалык Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын 15-саммитинин алкагында Азербайжан, Иран жана Түркмөнстан газ экспорту  боюнча үч тараптуу келишимге кол коюшкан. Келишимдин шарттарына ылайык, жыл сайын Түркмөнстандан Иран аркылуу Азербайжанга 1,5 миллиарддан 2 миллиард кубометр  газ экспорттоо каралган болучу.

https://turkmenportal.com/blog/43160/turkmenistan-i-iran-planiruyut-uvelichit-postavki-gaza-v-azerbaidzhan-do-15-mlrd-kubov