01.20.22

Түркиянын Түркмөнстандагы элчиси Тоган Орал Ашхабадда жергиликтүү жана чет элдик журналисттер менен жолугушту.

Дипломат жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө Түркмөнстан менен Түркиянын 2021-жылга карата кызматташтыгынын  жыйынтыктары тууралуу айтып берди. Анын айтымында, 2021-жылдын 11 айында эки тараптуу соода жүгүртүү пандемияга карабастан өсүп, 1 миллиард 900 миллион  доллардан ашкан.

Элчи пандемия учурунда мааниси жогорулаган “Транскаспий” транспорттук коридорун пайдалануу өз ара сооданын көлөмүнүн өсүшүнө өбөлгө болгонун белгилеп, анын аймактагы жүк агымын көбөйтүү үчүн чоң потенциалы бар экендигин белгиледи.

Дипломат өткөн жылы, Түркмөнстан менен Түркиянын ортосундагы жогорку деңгээлдеги сапарларга токтолуп, алардын жыйынтыктарын жана эки тараптуу келишимдердин жүрүшүн баяндады. Ал өткөн жылдын маанилүү окуяларынын катарына мамлекет башчыларынын иш сапарларын атады. Тактап айтканда,

Гурбангулы Бердымухамедовдун ноябрь айында “Түрк мамлекеттери” уюмуна байкоочу болуп кирүү үчүн Стамбулга болгон иш сапары жана президент Режеп Тайып Эрдогандын Түркмөнстанга болгон расмий иш сапарын айтууга болот.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Түркиянын ыйгарым укуктуу элчиси, Түркмөнстандын коңшулаш Афганистанга карата саясатын жана Ашхабаддын афган элине көрсөткөн гуманитардык жардамын жогору баалады.

http://www.turkmenistan.ru/ru/articles/46046.html