31.02.22

Түркмөнстан жана Азербайжан ортосунда 2022-жылдан тарта “Баку-Түркмөнбашы-Баку” багытында, Каспий деңизи аркылуу жаңы каттамы ачылат. Деңиз коридору “Кытай-Европа” багыты боюнча транспорттук байланышты арттыруу долбоорунун алкагында иштейт.

 “Шаир Сабир” жана “Махмуд Рахимов” кемелеринин жардамы менен деңиздик каттамдар ишке ашырылмакчы. Бул жаңы кемелер Түркмөнстандын “Түркмөн транспорттук-логистикалык борбору” ачык акционердик коому (ААК) жана “ADY Container” компаниясына таандык. “Баку-Түркмөнбашы-Баку”  багытындагы каттам аркылуу кемелер  контейнерлерге салынган жүктөрдү  ташышат. Аба ырайына жараша кемелердин саны менен бирге жумалык каттамдардын саны дагы эки эсеге көбөйтүлөт.

Бул порттордун ортосундагы биринчи каттам 2019-жылдын апрель айында ишке ашырылган болучу. Бүгүнкү күндө “ADY Container” компаниясынын маалыматы боюнча, бул каттам боюнча эки тарапка  17,500 даана контейнерди ташуу иштери аткарылган.

Түркмөнстан менен Азербайжан портторунун ортосундагы кеме байланышын активдештирүү жана чыңдоо долбоору “Түркмөнбашы эл аралык деңиз порту”,  “Азербайжан Каспий деңиз кемеси” (ASCO) жана “Баку эл аралык деңиз соода порту” жабык акционердик коомунун (ЖАК) колдоосу менен ишке ашырылууда.

Каттамды ишке ашыруу “Азия-Тынч океан аймагы-Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Азербайжан-Грузия-Түркия-Европа” транспорт коридорун өнүктүрүүгө багытталган.

https://turkmenportal.com/blog/43850/po-kaspiiskomu-moryu-zapustyat-dva-novyh-sudna-v-napravlenii-bakuturkmenbashi