12.02.22

Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Шахым Абдрахманов, өлкөдө 2021-жылдын аягына чейин эгемендүүлүк жылдарында эң жогорку көрсөткүчү болгон 83 млрд, 772,9 миллион кубометр  өлчөмүндө жаратылыш газы өндүрүлгөндүгүн билдирди.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун төрагалыгы алдында өткөн, Элдик Маслахатиянын жыйынына өкмөт мүчөлөрү, парламенттин депутаттары, министрликтер менен ведомстволордун, саясий партиялардын жана коомдук уюмдардын жетекчилери, облустардын, шаарлардын жана райондордун акимдери катышты.

Шахым Абдрахманов маалымдагандай, отчеттук мезгилде жаратылыш газын казып алуу планы 120,1% пайызга аткарылып  аны экспорттоо 129,8% пайыздык көрсөткүчкө жеткен.

2021-жылы өлкөнүн жаратылыш газынын экспорту 45,9 миллиард куб метрге жакындаган.

Ошондой эле, өткөн жылы бермет жана алюминий менен капталган полипропилен пленкаларын, “Jet A-1” маркасындагы авиакеросиндерин, “Turkmenoil Advance 5W-40” жарым синтетикалык майлоочу майын, “Евро-6” стандарттарына туура келген А-98 маркасындагы бензинин өндүрүү жолго коюлгандыгы маалымдалды.

Түркмөнстандын президенти өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын бири мунай-газ тармагын өнүктүрүү жана аны модернизациялоо, экспорттук потенциалды диверсификациялоо, ошондой эле газды жеткирүү үчүн көп варианттуу газ куурунун тармагын түзүү экенин белгиледи.

Буга байланыштуу президент Гурбангулы Бердымухамедов вице-премьер-министрге, отун-энергетика комплексин комплекстүү модернизациялоо боюнча иштерди улантууну, ошондой эле чет элдик инвестицияларды тартуу, анын ичинде геологиялык чалгындоо, өндүрүү жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.

Муну менен катар президент Гурбангулы Бердымухамедов вице-премьер-министрге, мунай-газ таргмагына санариптик системаны киргизүү, түркмөн жаратылыш газынын экспортунун көлөмүн жана жаңы багыттарын көбөйтүү аркылуу энергетикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча иштерди улантууну тапшырды.

Өлкө башчысы стратегиялык мааниге ээ болгон, Түркмөнстан-Ооганстан-Пакистан-Индия (TAPI) газ куурунун долбоорун жигердүү куруу жана жаратылыш газын кайра иштетүүчү заводдордун курулушун улантууну, суюлтулган газды өндүрүүнү жана экспорттоону көбөйтүү зарыл экендигин  белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө, Түркмөнстанды 2022-жылга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы жана Түркмөнстанды 2022-2052-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн Улуттук программасы кабыл алынды.     

https://business.com.tm/ru/post/8239/turkmenistan-dobyl-837-mlrd-kubometrov-prirodnogo-gaza-v-2021-godu