14.02.22

Ашхабадда Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 12-февраль күнү, Казакстандын биринчи вице-премьер-министри Роман Скляр менен жолугушту. Жолугушууда тараптар соода-экономика тармагындагы кызматташуунун келечеги боюнча пикир алмашып, 2021-жылы эки өлкөнүн соодасы эки эсеге көбөйгөнүн белгилешти.

Түркмөнстандын расмий маалымат каражаттары билдиргендей, сүйлөшүүлөрдө транспорт жана логистика, энергетика, айыл чарба жана өнөр жай тармагындагы кызматташтык сыяктуу негизги тармактарда кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Соода-экономикалык мамилелерди чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, тараптар болгон мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу, өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү, инвестициялык активдүүлүктү стимулдаштыруу зарылдыгын белгилешти.

Түркмөнстан менен Казакстандын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда тыгыз кызматташтыкты орнотуунун маанилүүлүгү да белгиленди.

Роман Склярдын иш сапарынын алкагында, Түркмөнстандын өкмөт башчысынын экономика жана финансы боюнча орун басары Сердар Бердымухамедов, өкмөт башчысынын отун-энергетика комплексин тейлеген орун басары Шахим  Абдрахманов жана министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары менен жолугушуулар болуп өттү.

https://business.com.tm/ru/post/8244/tovarooborot-mezhdu-turkmenistanom-i-kazahstanom-uvelichilsya-vdvoe