28.02.22

Түркмөнстандын вице-премьер-министри Сердар Бердымухамедов 26-февраль күнү Түркиянын Соода министри Мехмет Муш менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүү учурунда, Сердар Бердымухамедов эки өлкөнүн транспорт тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн жана соода алакаларын жакшыртуу үчүн транзиттик- транспорттук коридорлорду жана аба каттамдарын натыйжалуу пайдаланууну белгиледи.

Мехмет Муш,  Түркмөнстан-Түркия мамилелерин мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин ырастап, Түркиянын Соода министри практикалык кызматташууну ишке ашыруу үчүн министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн жолугушууларын өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бул тууралуу, Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди чыңдоонун маанилүүлүгү баса белгиленди. Тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин, атап айтканда соода-экономикалык потенциалды талкуулашты, ошондой эле текстиль тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча пикир алмашышты.

Эки тараптуу достук мамилелер мындан ары да кеңейерине ишенимин билдирип, телефондук сүйлөшүүнүн соңунда, тараптар бири-бирине чың ден соолук, ийгилик, боордош элдерге бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүүнү каалашты.

 

https://business.com.tm/ru/post/8307/turkmenistan-ile-turkiye-aras%C4%B1ndaki-ulash%C4%B1m-koridorlar%C4%B1n%C4%B1n-etkin-kullan%C4%B1m%C4%B1-vurguland%C4%B1