13.10.22

Түркмөнгаз мамлекеттик концерне караштуу «Lebapgazçykaryş»  башкармалыгы, 2022-жылдын тогуз айында 9 миллиард куб метрден ашык жаратылыш газын өндүргөн. Көгүлтүр отун өндүрүү планы 128,3 пайызга  аткарылган.

Түркмөнстанын Лебап велаятында жайгашкан «Lebapgazçykaryş»  башкармалыгы, ошондой эле 34,4 миң тонна газ конденсатын дагы өндүргөн. Бул тууралуу, бейшемби күнү өлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыгышты.

2022-жылдын биринчи чейрегинде, «Lebapgazçykaryş» башкармалыгы, Кытайга 2 миллиард куб метрден ашык жаратылыш газын экспорттогон. Эскерте кетсек, аталган ишкана өткөн жылы 12,4 миллиард кубометр жаратылыш газын өндүргөн.

https://business.com.tm/ru/post/9285/turkmenskoe-upravlenie-lebapgazchykarysh-dobylo-bolee-9-mlrd-kubometrov-prirodnogo-gaza