21.10.22

Ашхабад шаарында 21-октябрь күнү өткөн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн соңунда, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү боюнча декларацияга кол коюшту.

Кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, тараптар кызматташуу долбоорлорун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Өнөр жай, энергетика, химия өнөр жайы жана айыл чарбасы сыяктуу приоритеттүү тармактарда жаңы долбоорлорду калыптандыруу жана ишке ашыруу боюнча ишти активдештирүү боюнча макулдашууга жетишилди. Бул тууралуу, Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

  • Мамлекет башчылары ошондой эле “чыгыш-батыш” жана “түндүк-түштүк” багыттары боюнча транспорт коридорлорун активдүү өнүктүрүү, анын ичинде Түркмөнбашы портунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу боюнча макулдашышты.
  • Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ошондой эле эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн, министрликтеринин жана ведомстволорунун деңгээлинде Түркмөнстан-Өзбекстан көп кырдуу кызматташтыгын арттырууга багытталган бир катар документтерге кол коюлду, аларга:
  • Өзбекстан менен Түркмөнстандын ортосундагы саясий диалогду, парламенттер аралык, соода-экономикалык кызматташтыкты, маданий-гуманитардык алмашууну активдештирүү боюнча 2022-2024-жылдарга практикалык иш-чаралардын планы;
  • Эки тараптуу тышкы экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү жөнүндө макулдашуу;
  • Өзбекстандын жана Түркмөнстандын аймактарында соода үйлөрүнүн ишин жөнгө салуу жөнүндө макулдашуу;
  • Илимий-техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
  • Айыл чарба тармагында кызматташууну мындан ары кеңейтүү боюнча практикалык иш-чаралардын планы;
  • Дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды каттоо жөнүндө келишим.

Тараптар ошондой эле электр энергиясы, бажы, ветеринария жана мал чарбасы, кинематография жана башка тармактарда кызматташуу боюнча келишимдерди кабыл алышты.

Эскерте кетсек, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Түркмөнстанга расмий сапары 20-октябрь күнү башталган.

https://business.com.tm/ru/multimedia/9323/turkmenistan-i-uzbekistan-uglublyayut-strategicheskoe-partnerstvo