21.10.22

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жума күнү Ашхабаддагы “Ташкент” паркынын ачылыш аземинин учурунда онлайн байланыш аркылуу “Дашогуз-Хорезм” чек ара соода аймагынын курулушун башталышына уруксат беришти.

Чек ара соода аймагынын курулушу, эки өлкөнүн чектеш аймагындагы “Шават-Дашогуз” өткөрүү пунктунун аймагында жүрүп жатат. Чек ара соода зонасында заманбап инфраструктураны түзүү пландаштырылууда. Анын ичинде соода павильондору, кампа жайлары, контейнердик аянтчалар жана ишкерлер үчүн жумуш орундары бар. Долбоор өз ара сооданын өсүшүнө жана ишкердик байланыштарды активдештирүүдө маанилүү роль ойнойт. Бул тууралуу, Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул маанилүү окуя менен Хорезм жана Дашогуз облустарынын аксакалдары, жооптуу адамдар видеоконференция аркылуу куттукташты. Салтанаттын жүрүшүндө, элдерибиздин достугун чыңдоого жана гүлдөп-өсүүсүнө салым кошо турган дагы көптөгөн биргелешкен долбоорлор келечекте ишке ашарына ишеним айтылды.

Эскерте кетсек, президент Шавкат Мирзиёев Түркмөнстанга эки күндүк расмий иш сапары менен бейшемби күнү барган  болучу.

https://business.com.tm/ru/multimedia/9326/turkmenistan-i-uzbekistan-pristupili-k-stroitelstvu-sovmestnoi-prigranichnoi-torgovoi-zony