28.11.22

Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Тышкы иштер министри Рашид Мередов менен Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Анкара шаарында 28-ноябрь күнү жолугушту. Көрүшмө учурунда Түркмөнстан, Түркия жана Азербайжан мамлекет башчыларынын үч тараптуу саммитине даярдыктарды талкуулашты.

Жакынкы келечекте үч өлкөнүн самити Түркмөнстандын “Аваза” улуттук туристтик зонасында өткөрүү пландалууда.

Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу   үч өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунан кийинки биргелешкен маалымат жыйынында, саммиттин алдында аталган өлкөлөрдүн энергетика жана транспорт министрлеринин жолугушуусун өткөрүү максатка ылайыктуу экендиги боюнча чечим кабыл алынганын билдирди.

Түркиянын башкы дипломаты жолугушуулардын алкагында, беш келишимге кол коюла турганын кошумчалады. Ал ошондой эле Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов келерки жылдын башында, Түркияга расмий сапар менен келе тургандыгын билдирди.

Маалымат жыйында Рашид Мередов Түркиянын Тышкы иштер министри менен болгон жолугушууда соода-экономикалык, транспорттук, гуманитардык жана башка тармактардагы алакаларды бекемдөө маселелери, ошондой эле аймактык көйгөйлөр талкууланганын белгилеп өттү.

Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Афганистан элине гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантуу максатында, аймактагы өлкөлөр менен мындан аркы кызматташуу боюнча макулдашканын кошумчалады.

Жолугушууда ошондой эле айрым аймактык маселелер жана эки тараптуу кызматташтык, анын ичинде транспорт, соода-экономикалык, саясий, дипломатиялык жана маданий тармактардагы кызматташуулар талкууланды.

Эскерте кетсек, Түркмөнстандын Тышкы иштер министри Рашид Мередовдун Түркияга сапары жекшемби күнү башталган болучу.

https://business.com.tm/en/post/9495/v-ankare-obsudili-podgotovku-k-sammitu-turkmenistanturciyaazerbaidzhanb