28.11.22

2022-жылдын башынан бери “Борбор Азия-Кытай” газ кууру аркылуу, Кытайга 40 миллиард куб метрден ашык жаратылыш газы жеткирилди.

Аталган мезгилдин ичинде, газ кууру аркылуу суткасына 120 миллион кубометрге жакын жаратылыш газы берилди. Бул тууралуу, дүйшөмбү күнү “Синьхуа” маалымат агенттиги кытайлык “PipeChina West Pipeline Company” компаниясынын жарыяланган маалыматтарына таянып билдирди.

Газ кууру Түркмөнстан, Өзбекстан,  Казакстандын аймактары аркылуу өтүп Шинжаң-Уйгур автономиялуу районундагы Хоргос чек ара бекетинде Кытайдын “Батыш-чыгыш” газ кууру менен туташат. Бул Кытайдын биринчи трансулуттук газ кууру болуп саналат.

Маалыматка ылайык, узундугу 1,833 километр долбоордук кубаттуулугу жылына 60 миллиард куб метр газды өткөрүүгө жөндөмдүү газ кууру, 2009-жылдын декабрь айында ишке берилгенден бери 11 жылдан ашык убакыттан бери туруктуу жана коопсуз иштеп жатат.

Газ кууру Кытайдын 27 провинциясы, шаарлары жана автономиялуу райондорунун 500 миллиондон ашык тургундарын көгүлтүр отун менен камсыз кылат.

https://business.com.tm/ru/post/9494/po-gazoprovodu-centralnaya-aziyakitai-postavleno-bolee-40-mlrd-kubometrov-gaza