06.12.22

Бакуда иш сапары менен жүргөн Түркмөнстандын Тышкы иштер министри Рашид Мередов, Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын келечеги тууралуу пикир алышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар, Азербайжан менен Түркмөнстандын ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер жана экономика, транспорт, гуманитардык тармактар ийгиликтүү өнүгүп жатканын белгилешти. Бул тууралуу,  Азербайжан президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар Азербайжандын президентинин быйыл Түркмөнстанга болгон иш сапарынын жана анын Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен болгон жолугушуулары эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдөгү ролу баса белгиленди.

Иш сапарынын алкагында, Рашид Мередов Азербайжандын Экономика министри Микайил Жаббаров менен дагы жолугушту.

Көрүшмөдө Түркмөнстан менен Азербайжандын ортосундагы карым-катнаштарды өнүктүрүү, экономикалык байланыштарды чыңдоо жана кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Эскерте кетсек, Азербайжан жана Түркмөнстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 9-июнь күнү түзүлгөн. Жалпысынан өлкөлөр ортосунда 108 документке кол коюлган. 2021-жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 105 миллион  долларды түзгөн.

https://business.com.tm/ru/post/9531/turkmenistan-i-azerbaidzhan-obsudili-perspektivy-sotrudnichestva