13.12.22

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов 12-декабрь күнү Ашхабад шаарында, Өзбекстандын президентинин администрациясынын башчысы Сардор Умурзаков менен жолугушту.

Сардор Умурзаков Түркмөнстандын президентине Өзбекстандын мамлекет башчысынын атынан, Эл аралык бейтараптык күнүнө карата ысык саламын, жакшы каалоолорун жана куттуктоолорун билдирди. Бул тууралуу, Түркмөнстандын расмий маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Куттуктоо үчүн ыраазычылык билдирип, Түркмөнстандын лидери быйыл, Түркмөнстандын бейтараптык макамына 27 жыл толуп жатканын белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар акыркы жылдары эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтык сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн белгилешти.

Ошондой эле Түркмөнстан менен Өзбекстандын аймактык жана глобалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча, биринчи кезекте тынчтыкты, коопсуздукту камсыздоо жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүү боюнча бирдиктүү көз караштары бар экени баса белгиленди.

Жолугушууда соода-экономикалык тармактар эки тараптуу мамилелердин негизги багыттарынын бири экени белгиленип, ошондой эле соода-сатыктын позитивдүү өнүгүүсүн сактап калуу жана буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу зарылдыгы белгиленди.

Көрүшмөнүн соңунда, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Өзбекстандын президентинин администрациясынын башчысы, Сардор Умурзаков достук жана жакшы коңшулук салттарынын негизинде, бекемделген мамлекеттер аралык кызматташтык мындан ары да улана берерине ишеним билдиришти.

https://business.com.tm/ru/post/9559/serdar-berdimuhamedov-ozbekistan-devlet-bashkanl%C4%B1%C4%9F%C4%B1-%C4%B0daresi-bashkan%C4%B1-ile-gorushtu