13.12.22

Түркмөнстандын, Азербайжандын жана Түркиянын президенттери 14-декабрь күнү, Түркмөнстандын “Аваза” улуттук туристтик аймагындагы саммитте үч өлкөнүн ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө жаңы дем берген бир катар маанилүү келишимдерге кол коюлары пландаштырууда.

Бул тууралуу, Түркмөнстандын расмий маалымат каражаттары шейшемби күнү “Авазада” өткөн энергетика тармагын тейлеген үч өлкөнүн ведомство башчыларынын жолугушуусунун жыйынтыгында билдирди.

Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө даярдык көрүү учурунда үч өлкөнүн энергетика ведомстволорунун жетекчилери көп тармактуу кызматташуунун айрым аспектилерин, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну, ошондой эле биргелешкен жаңы долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн карашты.

Маалыматка ылайык, тараптар энергетика тармагындагы өнөктөштүктү кеңейтүүнүн ачылыш перспективалары укуктук нормаларга, өз ара урматтоого жана бири-биринин кызыкчылыктарын эске алууга негизделген координацияланган эл аралык кызматташтыкты түзүүнү талап кылат деген пикирге келишти.

Түркия президентинин басма сөз катчысы Ибрагим Калын мындан мурдараак Түркия, Түркмөнстан жана Азербайжан лидерлеринин Түркмөнстанда боло турган саммити, Борбор Азиядан Европага энергия булактарын жеткирүү коридорун түзүүдө маанилүү кызмат аткара тургандыгын билдирген болучу.

Өлкөлөрдүн энергетика тармагынын жетекчилеринин жолугушуусунан тышкары, саммитке даярдыктын алкагында аталган өлкөлөрдүн тышкы иштер жана транспорт министрлеринин ортосунда сүйлөшүүлөр болуп өттү. 

https://business.com.tm/ru/post/9562/turkmenistan-azerbaycan-ve-turkiye-enerji-ishbirli%C4%9Fini-guchlendirecek-anlashmalar%C4%B1-imzalayacaklar