14.12.22

Каспий деңизинин жээгиндеги, Түркмөнстандын “Аваза” Улуттук туристтик аймагында 14-декабрь күнү Түркмөнстан, Азербайжан жана Түркия мамлекет башчыларынын биринчи саммити болуп өттү.

Президенттер Сердар Бердымухамедов, Режеп Тайып Эрдоган жана Илхам Алиев алгач тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Андан соң, жолугушуу мамлекеттердин делегацияларынын катышуусунда кеңейтилген курамда уланды. Бул тууралуу, Түркмөнстандын расмий маалымат каражаттары билдирди.

Тараптар экономикалык чөйрөдө үч тараптуу өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Соода, энергетика жана транспорт тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери эң актуалдуу деп белгиленди.

Президент Сердар Бердымухамедов өз сөзүндө, биринчи “Түркмөнстан-Азербайжан-Түркия” саммитинин өлкөлөр ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык карым-катнаштарды дагы да бекемдей турганын белгиледи.

Бул саммит Түркмөнстан, Азербайжан жана Түркиянын катышуусу менен транспорттук-энергетикалык коридорлорду түзүү пландарын ишке ашырууга да салым кошот, деп кошумчалады Түркмөнстандын президенти.

Өз сөзүндө, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Түркмөнстан, Азербайжан жана Түркиянын ортосундагы бир туугандык байланыштар мамлекеттердин стратегиялык мүмкүнчүлүктөрүнүн негизинде бекемделерине ишенимин билдирди.

Энергетика тармагындагы кызматташуу темасына токтолгон Режеп Тайып Эрдоган, түркмөн жаратылыш газын Европанын базарларына жеткирүү боюнча иштерди баштоого убакыт жеткенин белгилеп өттү. Ал ошондой эле Түркия Каспий деңизиндеги “Достлук” мунай-газ кенин иштетүүдө, Түркмөнстан жана Азербайжан менен кызматташууга даяр экенин кошумчалады. Президент Эрдоган ошондой эле Түркмөнстан жана Азербайжан менен Түркияга электр энергиясын импорттоо маселесин талкуулоого даяр экенин билдирди.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев өз сөзүндө, өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкка канааттангандыгын билдирип келип: “2022-жылдын январь-октябрь айларында, Азербайжан менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүү  45 пайызга өсүп, 5 миллиард долларга жетти. Быйыл Түркмөнстан менен соода жүгүртүү 5 эсеге өстү, бул рекорддук көрсөткүч” – деп белгилеп өттү.

Саммиттин жыйынтыгында Түркмөнстан, Азербайжан жана Түркиянын ортосундагы байланыштарды активдештирүү боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

https://business.com.tm/ru/post/9569/v-avaze-sostoyalsya-pervyi-sammit-prezidentov-turkmenistana-azerbaidzhana-i-turcii