14.12.22

Түркмөнстандын “Аваза” Улуттук туристтик аймагында өткөн Түркмөнстан, Азербайжан жана Түркия мамлекет башчыларынын биринчи саммитинин жыйынтыгында, үч тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Президенттер Сердар Бердымухамедов, Режеп Тайып Эрдоган жана Илхам Алиев алгач тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Андан соң, жолугушуу өлкөнүн делегацияларынын катышуусунда кеңейтилген курамда уланды. Бул тууралуу, Түркмөнстандын маалымат каражаттары билдирди.

Кеңейтилген курамдагы жолугушуунун жыйынтыгында, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын, ошондой эле өлкөнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин катышуусунда бир катар документтерге кол коюлду. Үч өлкөнүн башчыларынын катышуусунда төмөнкү документтерге кол коюлду:

  • Түркмөнстан өкмөтүнүн, Азербайжан өкмөтүнүн жана Түркиянын өкмөтүнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
  • Түркмөнстан өкмөтүнүн, Азербайжан өкмөтүнүн жана Түркиянын өкмөтүнүн ортосундагы 2023-2025-жылдары Илим, билим жана маданият тармагында кызматташуу боюнча алкактык программа;
  • Түркмөнстан өкмөтүнүн, Азербайжан өкмөтүнүн жана Түркиянын өкмөтүнүн ортосундагы, Бажы кызматташтыгы боюнча биргелешкен консультативдик комиссия түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • “Түркмөнгаз” мамлекеттик концерни, Азербайжандын Энергетика министрлиги жана Түркиянын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министрлигинин ортосунда энергетика тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Түркмөнстандын Министрлер кабинетине караштуу, Транспорт жана коммуникациялар агенттиги, Азербайжандын Санариптик өнүктүрүү жана транспорт министрлиги жана Түркиянын Транспорт жана инфраструктура министрлигинин ортосундагы бул тармакта кызматташууну мындан ары өнүктүрүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Эскерте кетсек Түркмөнстан, Азербайжан жана Түркия мамлекет башчыларынын, Биринчи саммитине даярдыктын алкагында шейшемби күнү Түркмөнстандын “Аваза” Улуттук туристтик аймагында үч өлкөнүн тышкы иштер министрлери, энергетика жана транспорт министрлеринин ортосунда сүйлөшүүлөр болуп өткөн болучу.

https://business.com.tm/ru/post/9570/turkmenistan-azerbaidzhan-i-turciya-podpisali-dokumenty-o-razvitii-vzaimootnoshenii