14.01.23

Президент Сердар Бердымухамедовдун төрагалыгы алдында 6-январь күнү өткөн өкмөттүн онлайн жыйынында, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын өлкөнүн мунай жана газ тармагын тейлеген орун басары вице-премьер-министр Шахым Абдрахманов, импортту алмаштыруучу “B-92” маркасындагы  авиациялык керосинди өлкөдө өндүрүү иштери  башталгандыгы тууралуу маалымат берди.

Жыйын учурунда, вице-премьер-министр Шахым Абдрахманов   “Türkmennebit” мамлекеттик концерни, “Түркмөнбашы” нефтини кайра иштетүүчү комбинаты (ТНКК) тарабынан өндүрүлгөн нефть продуктыларынын ассортиментин кеңейтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Вице-премьер-министр Шахым Абдрахманов белгилегендей, “Түркмөнбашы” нефтини кайра иштетүүчү комбинаты (ТНКК)  жана Илимдер академиясынын Технологиялык борбору менен биргеликте керосиндин бул түрүн өндүрүү боюнча техникалык шарттар иштелип чыгып, тийиштүү чаралар көрүлгөн.

Президент Сердар Бердымухамедов маалымат алган соң улуттук экономиканын алдыңкы локомотиви катары отун-энергетика тармагын прогрессивдүү жана комплекстүү өнүктүрүү зарылдыгын белгилеп өттү.

https://business.com.tm/ru/post/9705/v-turkmenistane-zapushcheno-proizvodstvo-aviabenzina-marki-b92