17.01.23

Түркмөнстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2022-жылдын 11 айында 34,6 пайызга өсүп  жалпысынан 18,3 миллиард долларды түздү. Бул тууралуу, Түркмөнстан боюнча экономикалык эксперт Валентин Трапезников шейшемби күнү “CentralAsia.news” маалымат агеттигине берген маегинде билдирди.

Валентин Трапезниковдун айтымында, аталган мезгил ичинде Түркмөнстандын экспорту 11,66 миллиард  долларынан ашып,  өткөн жылга салыштырмалуу 46,5 пайызга көбөйгөн. Импорт 17,8 пайызга өсүп, 6,61 миллиард долларды  түзгөн.

Валентин Трапезников белгилегендей, Түркмөнстандын продукциясын экспорттоп алган алдыңкы беш өлкөнүн катарына Кытай, Орусия, Афганистан, Түркия жана Өзбекстан кирет. Бул өлкөлөргө болгон экспорттун жалпы көлөмү дээрлик 10 миллиард долларды түзөт.

Түркмөнстан товар импорттоп алган алдынкы беш өлкө Түркия, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ), Кытай, Россия жана Индия болуп эсептелет. Алардын жалпы импорту дээрлик 4,5 миллиард долларды түзөт. Бул көрсөткүч, Түркмөнстандын импорттук сатып алууларынын жалпы көлөмүнүн 67,5 пайызын түзөт.

Экспорттун негизги бөлүгүн мунай-газ комплексинин продукциялары түзгөн. Алсак, өткөн жылга салыштырмалуу газды экспорттук наркынын өсүшү 64 пайызды, мунай продуктулары 13,2 пайызды, мунай коксу 17,1 пайызды, жаратылыш газынан кайра иштетилген бензиндики 19,7 пайызды түздү.

Түркмөнстан экспорттоп жаткан электр энергиясы, минералдык жер семирткичтер, күкүрт, кийим кечек, бут кийим, помидор, кондитердик азыктар, курулуш материалдары, медицина жана тамак-аш өнөр жайы үчүн сырьелордун көлөмү бир кыйла жогорулаган.

https://sng.fm/24630-jekspert-trapeznikov-vneshnetorgovyj-oborot-turkmenistana-sostavil-okolo-183-mlrd-dollarov.html