21.01.23

Түркмөнстандын 2022-жылдын январь-декабрь айында, Кытайга 10 миллиард 250 миллион долларлык жаратылыш газын экспорттогон. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 51 пайызга көпттүк кылат. Бул тууралуу жума күнү “ТАСС” маалымат агенттиги, Кытайдын Башкы бажы башкармалыгына шилтеме берүү менен жазып чыктты.

Түркмөнстан учурда, Кытайга газ экспорттоочулардын арасында лидер бойдон калууда. Экинчи орунда Россия (1,65 миллиард доллар) турат. Өткөн жылга салыштырмалуу 2,9 эсеге жогору.

Россиянын Кытайга болгон жаратылыш газынын экспорту 2023-жылы 3 миллиард 980 миллион долларын түздү.

Кийинки орундарда Мьянма (1,43 миллиард доллар), Казакстан (1,08 миллиард доллар) жана Өзбекстан (1,07 миллиард доллар) өлкөлөрү турат.

Учурда, Түркмөнстан Кытайга жаратылыш газын “Түркмөнстан-Өзбекстан-Казакстан-Кытай” газ куур аркылуу экспорттоодо. Анын жалпы кубаттуулугу жылына 55 миллиард куб метр газды түзөт. Анын негизги үлүшү Түркмөнстанга, калганы Казакстан менен Өзбекстанга туура келет.

2022-жылдын февраль айында, Түркмөнстандан Кытайга газ куурунун жаңы линиясын куруу боюнча макулдашууга жетишилген. Анын ишке киргизилиши, Түркмөнстан Кытайга жыл сайын газ берүүнү 65 миллиард куб метрге чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, 2021-жылы Түркмөнстан Кытайга 34 миллиард куб метр көгүлтүр отун экспорттогон.

https://centralasia.news/19086-tranzit-gruzov-cherez-morskoj-port-turkmenbashi-vyros-v-25-raza.html