21.01.23

Каспийде деңизинде жайгашкан “Түркмөнбашы” эл аралык  порту аркылуу транзиттик товар ташуу 2022-жылдын январь-декабрында, 2021-жылдын ошол эле  мезгилине салыштырмалуу 2,5 эсеге өстү. Негизги товарларга тамак-аш азыктары, мунай жана химиялык продуктылар, курулуш материалдары, металлдар, машиналар жана запастык бөлүктөр кирген. Бул тууралуу “Түркмөндеңиздеряолдары” агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Транзиттин көбөйүшү “Түркмөнбашы” эл аралык деңиз портун тейлөө үчүн санариптик технологиялык кызматтарды системалуу киргизүү жана региондогу кызыкдар болгон эл аралык логистикалык компаниялар менен диалог курууга мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Эскерте кетсек, жакында Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин алдындагы Транспорт жана коммуникациялар боюнча агенттигинин “Түркмөндеңиздеряоллары” агенттигинин төрагасынын орун басары Сейитгулы Байсеидов, Каспий деңизинде жүк ташуучу кемелердин үзгүлтүксүз кыймылын уюштуруу маселесин талкуулоо үчүн Россиянын Астрахань шаарында болгон. Тараптар Өзбекстандын аймагы аркылуу транзит менен Кыргызстандан Россияга жаңы интермодалдык маршрутту өнүктүрүү үчүн “Түркмөнбашы” жана “Оля” деңиз порттору ортосунда, үзгүлтүксүз жүк ташуу маршрутун түзүү маселесин иштеп чыгууга макулдашышкан.

https://centralasia.news/19086-tranzit-gruzov-cherez-morskoj-port-turkmenbashi-vyros-v-25-raza.html