07.12.23

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 6-декабрь күнү, Түркиянын экспорттук товарларынын жана кызматтарынын көргөзмөсү ачылды. Иш-чаранын жүрүшүндө, Түркиялык “Ренессанс” курулуш компаниясынын бизнести өнүктүрүү департаментинин директору Ахмет Сонмез, компаниянын Түркмөнстан менен өнөктөштүктү кеңейтүү пландары тууралуу айтып берди. Бул тууралуу “CentralAsia.news” маалымат порталы билдирди.

“Ренессанс” компаниясы учурда, Ашхабад шаарында 2024-жылдын август айында ачылышы пландалган көп функционалдуу билим берүү мекемесин куруп жатат. Объектинин курулушуна түркиялык да, түркмөнстандык да адистер тартылган.

Ахмет Сонмез компаниясынын, Түркмөнстандагы өнөр жай долбоорлоруна да катышуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын айтты. Айрыкча, “Ренессанс” мунай-газ жана электр энергетикасы тармактары үчүн объектилердин курулушуна кызыкдар. Учурда бул жаатта, Түркмөнстан тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Ошондой эле “Ренессанс” компаниясынын директору, Түркиянын экспорттук товарларынын көргөзмөсүнө өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда өтүп жатышы, эки өлкөнүн ишкерлеринин диалогу үчүн натыйжалуу аянтча болуп калганын белгиледи.

https://sng.today/ashkhabad/33386-tureckij-holding-renessans-vyrazil-gotovnost-k-rasshireniju-sotrudnichestva-s-turkmenistanom.html