20.12.23

2023-жылдын 11 айында, Түркмөнстандын деңиз соода жолу аркылуу ташылган контейнерлердин санын дээрлик 4 эсеге жогорулап, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 277,3% пайызга  көбөйгөн. Бул тууралуу, “Деңиз соода флоту” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Контейнердик транспорттон тышкары, деңиз аркылуу жүк ташуу көлөмүнүн жалпысынан олуттуу өсүшү байкалган. Алсак, 2023-жылдын январь-ноябрь айларында, алардын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21,6% пайызга өсүп, 2 миллион 64 миң тоннага жеткен.

Деңиз транспортунун жүк обороту да 11 айдын ичинде 19,1% пайызга олуттуу өсүштү көрсөтүп, 867,149 миллион тонна-километрди түздү. Жүргүнчүлөрдү ташуу 56,4 процентке өсүп 8,54 миллион жүргүнчү-километрди түзгөн. План 2,5 эсеге ашык аткарылган.

Маалыматка ылайык, негизги өсүш “Түркмөнбашы” эл аралык деңиз порту аркылуу чийки мунай жана мунай продуктуларын экспорттук ташуу, ошондой эле транзиттик жүктөрдүн эсебинен жетишилген.

https://turkmenportal.com/blog/71536/konteinernye-perevozki-morskim-transportom-v-turkmenistane-vyrosli-pochti-v-4-raza