21.09.24

Түркмөнстандын Өзбекстанга болгон экспортту 2024-жылдын январь айынан августь айына чейин былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 80% пайыздан ашык көбөйгөн. Бул тууралуу, Өзбекстандын президентине караштуу Статистика агенттиги билдирди.

Бул мезгил ичинде, эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 805,4 миллион долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 55,7% пайызга же 288,4 миллион долларды түздү. Түркмөнстандын Өзбекстанга экспорту быйылкы жылдын сегиз айында 82% пайызга өсүп, 727,1 миллион долларга жеткен.

Ошол эле учурда, Өзбекстандан Түркмөнстанга импорттолгон товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы баасы 78,3 миллион долларды түздү. Салыштырмалуу өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 118,4 миллион долларды түзгөн.

Мындан тышкары, быйыл Өзбекстандын тышкы соода жүгүртүүсү 42 миллиард 703 миллион доллардан ашып, анын 25 миллиард 359 миллиону импорт, 17 миллиард 344 миллион доллар  экспорттун үлүшүнө туура келген.

https://turkmenportal.com/blog/82809/eksport-turkmenistana-v-uzbekistan-vyros-na-80-za-8-mesyacev-2024-goda