14.09.24
Бизнес жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну стимулдаштыруу максатында, Түркмөнстан менен Кыргызстан биргелешкен өнүктүрүү инвестициялык фондун түзүү, “Түркмөнстан” бизнес борборун жана Кыргызстанда курорттук-рекреациялык объекттини куруу долбоорун ишке ашырууну активдештирүү боюнча макулдашышты.
Мындай чечимдер, Кыргызстандын Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев менен Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин алдындагы Транспорт жана коммуникациялар агенттигинин башкы директору Мамедхан Чакиев, Түркмөнстандын Финансы жана экономика министринин орун басары Бабанияз Ялаковдун катышкан көрүшмө учурунда кабыл алынды.
Бул тууралуу, Кыргызстандын Экономика жана соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуулар 10-11-сентябрда Ашхабадда өткөн инвестициялык форумдун алкагында өттү.
Тараптар, Кыргызстан-Түркмөнстан кызматташтыгынын кеңири спектрин, анын ичинде соода, энергетика, өнөр жай, инвестиция, транспорт жана башка тармактардагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.
Талкуунун жүрүшүндө тараптар транспорттук, транзиттик жана визалык жыйымдарды унификациялоо, экспорттук, импорттук жана транзиттик операциялардын жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, жүк үчүн визаларды алуу механизмдерин карап чыгуу жана ишке ашыруу үчүн тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун катышуусунда бир катар онлайн жолугушууларды өткөрүүнү макулдашышты. Ошондой эле товар ташуучулардын визаларынын жарактуу мөөнөтүн 1 жылга чейин көбөйтүү маселеси дагы талкууланды.
Мындан тышкары, тараптар Түркмөнстандан Кыргызстанга электр энергиясын жана мунай продуктуларын экспорттоо маселелерин карашты.