04.10.24

3-октябрда Ашхабадда “Арчабил” мейманканасында транспорттук өткөөлдөрдүн Транскаспий координациялык платформасын ишке киргизүүгө арналган жогорку деңгээлдеги жыйын болду.

Иш-чарага Евробиримдиктин эл аралык кызматташтык боюнча комиссары Джутта Урпилайнен, Еврокомиссиянын Эл аралык кызматташтык боюнча башкы директорунун кеңешчиси Хенрик Холлоуэй, ошондой эле Түркмөнстан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркия, Өзбекстандын тиешелүү министрликтеринин өкүлдөрү катышты. Көрүшмө учурунда адистештирилген инфраструктураны кеңейтүү жана транспорттук байланышты чыңдоо аймактагы өлкөлөрдүн экономикалык өсүшү үчүн чечүүчү роль ойной тургандыгы белгиленди.

Жаңы координациялык платформа, Транскаспий транспорт коридорунун туруктуулугун жогорулатуу жана аны Европа менен Азияны байланыштырган мультимодалдык маршрутка айландыруу үчүн иштелип чыккан.  Ошондой эле темир жол, автожол жана деңиз портторунун инфраструктурасына инвестиция тартууга, Европа менен Борбордук Азиянын ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдайт жана транспорт коридорлорунун коопсуздугун жана туруктуулугун жогорулатууга жардам берет.

Жолугушуунун соңунда, координациялык платформанын алкагында кызматташуу, Транскаспий транспорттук коридорун мындан ары өнүктүрүүгө көмөктөшөт жана өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууда аракеттерди координациялоого мүмкүндүк берет деген ишеним айтылды.

https://turkmenportal.com/blog/83257/v-ashhabade-proshla-vstrecha-po-zapusku-transkaspiiskoi-koordinacionnoi-platformy-transportnyh-peresechenii