Түркменистан дүйнөдөгү пахта өндүрүү боюнча 10 ири өлкөнүн катарына кирет.

2018-жылы 1 млн тонна пахта чогултууну көздөп аткандыгын Reuters басма сөз кызматына Туркмен пахта мамлекеттик концерни билдирген. “Бүгүн Ахалск, Лебап жана Марый райондорунда ал эми 16-сентябрда болсо климаттык өзгөчөлүгүнө байланыштуу Дашогуз областында да терим иштери башталат” – деп билдиришти. 2017 – жылы Түркменистан 1,1 миллион тонна ак алтын топтогон. Борбордук Азиядагы эң ири нефти жана газ экспорттогон өлкө катары,  Түркменистан пахтаны Европа, Кытай жана Россияга сатып турат. Совет доорунда Түркменистан өзү өндүргөн пахтанын 3 гана пайызын кайра иштете алышчу. Ал эми азыр болсо текстил өнөр-жайынын өнүгүшүнө байланыштуу, өндүргөн түшүмдүн 50 пайызына чейин кайра иштетип чыгарат. Акыркы жылдары бийлик бул тармака милион доллар көлөмүндө каражат салган.