20.10.21

Түркмөнстан 2021-жылдын алгачкы сегиз айында, Россияга 32 миң тонна күнөскана помидорун экспорттоду,  бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көптүк (92% пайыз) кылат.

15.10.21

Түркмөнстандын “Балкан” кеме куруу жана оңдоо заводунда 8100-5300 тонна жүк көтөрө ала турган жүк ташуучу кеменин курулушу башталмакчы.

08.10.21
Түркмөнстандын “Бир Кувват” транспорттук-логистикалык компаниясы жана Өзбекстанга таандык “Uzagrotrade” компаниясынын ортосунда соода, транспорт жана логистика тармагында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Кол коюу аземи, Түркмөнстандын президентинин 2021-жылдын 4-5-октябрында Өзбекстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында болуп өттү.

 29.09.21

Россиялык дизелдик жүк ташуучу “Камаз” унааларын өндүргөн компаниясы 2022-жылы, Түркмөнстанда автоунаалары үчүн жабдыктарын  өндүрүүнү пландоодо.

26.09.21

Түркиялык “Gap Inşaat” курулуш компаниясы Ашхабад шаарында 400 орундуу “Эл аралык дарылоо жана калыбына келтирүү борборун” жана 250 орундуу “Эл аралык физиология илимий-клиникалык борборун” курат. Тиешелүү токтомго президент Гурбангулы Бердымухамедов кол койгон. Бул тууралдуу,  Түркмөнстандын “Ватан” телеканалы билдирди.

13.09.21

Түркмөнстандын башка өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү  17,9 миллиард долларга жетти. Анын ичинен экспорт 7,7 миллиард доллар, импорт 10,1 миллиард доллар, деп жазат “CentralAsia.news” маалымат агенттиги.

14.09.21

Түркмөнстанда 2021-жылдын алгачкы сегиз айында, жаратылыш газын өндүрүүнүн көлөмү 55 миллиард куб метрден ашты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,4 миллиард куб метрге көптүк кылат. Бул тууралуу, “Түркмөнбашы” мунай иштетүүчү комплексинин (TKNPZ) маалымат кызматы билдирди.

11.09.21

Түркмөнстандын Ахал облусуна караштуу Геокдепе районунда  жайгашкан “Maksada okgunly” үндүк фабрикасы, Азербайжанга ар бир айда  22,5 тоннадан  үндүк этин экспорттко чыгармакчы.

03.09.21

Түркмөнстандын Лебап облусуна (велаят) караштуу Чарджевский районунда (этрапында) 432 (МВт) кубаттуулуктагы газ турбиналуу электр станциясы 3 - сентябрь күнү ишке берилди.

30.06.21

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга жакында болгон расмий сапарында жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун алкагында, Кыргызстанга Түркмөнстандан жүк келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.