08.10.20

Түркмөнстан жана Өзбекстан экономика тармагында кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөшүүдө. Бул тууралуу, “Түркмөнстан - Өзбекстан жумушчу кеңешинин” 7-октябрь күнү болуп өткөн биринчи жыйынында көтөрүлгөн. Эки тараптын жыйыны, видоеконференция форматында болуп өткөндүгүн “Туркменистан сегодня” мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.

07.10.20

Казакстан өзүнүн деңиз порттору аркылуу жылына 10 миң даана Өзбекстандын товар салынган контейнерлерин ташып берүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу,  Казакстандын Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин  вице-министри  Берик Камалиев парламенттин (Мажилис) депутаттарына  маалымат берүү учурунда билдирип өттү.

05.10.20

Түркмөнстандын Лебап облусуна караштуу Халач районунда жайгашкан пахта буласын өндүргөн фабрикасы, жыл башынан бери 25 миллион манатка ($7 миллион) бааланган продукция өндүргөн. Анын ичинен 9 миллион манат ($2,5 миллион)  бааланган продукция экспортко чыгарылган. Бул тууралуу, 3-октябрь күнү “Türkmen gündogary”  электрондук маалымат порталы билдирди.

06.10.20

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев  5-октябрь күнү, өлкөнүн айыл чарба кызматкерлерине куттуктоосун жиберген.

02.10.20         

Тажикстан акыркы 8 айдын (январь-август) ичинде, 923,8 миллион сомониге (89,5 миллион доллар),   бааланган 57,4 миң тонна алюминийди чет өлкөлөргө экспорттогон.

30.09.20

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) “Кыргызстанда үрөн чарбасын өнүктүрүүнү колдоо” долбоорунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине айыл-чарба үрөндөрүн тапшырды. Бул тууралуу, Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

28.09.20

Бишкек шаарында үстүбүздөгү жылдын 28-сентябрь күнү,  “Көчмө маммографиялык борборун пайдалануу менен Кыргыз Республикасында эмчек жана жатын моюнчасынын рагына эрте диагноз коюу” аттуу долбоорунун алкагында, Германиядан алынып келинген көчмө мобилдик маммография клиникасын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу, Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

23.09.20

Кыргызстанда 2020-жылдын алгачкы 8 айынын (январь-август) ичинде «Кумтор» компаниясы өндүргөн алтын продукциясын кошпогондо,  88 миллиард 317,2 миллион сомго бааланган продукция өндүрүлгөн. Ал эми «Кумтор» компаниясы өндүргөн продукцияны кошкондо, 205 миллиард 626 миллион сомду түзгөн. Бул тууралуу, журналистер үчүн уюштурулган брифинг учурунда премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

29.09.20

Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов жана Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзада,  Душанбе шаарында жолугушуу өткөрүштү. Көрүшмө учурунда өкмөт башчылары, эки өкөнүн ортосундагы товар алмашууну жакынкы жылдары 1 миллиард долларга жеткирүү керек экендигин белгилешти. Бул тууралуу,  Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

29.09.20

Түркмөнстан Кытайга газ экспорттоо боюнча алдынкы орунда турат. Бул тууралуу, «Интерфакс» маалымат агенттиги Кытайдын бажы кызматынын берген билдирүүсүнө таянып жазып чыкты.