- Подробности
08.05.21
Түркиялык “TAV Airports Holding” компаниясы Казакстандын “Алматы” эл аралык аэропортунун 100 пайыз акциясын сатып алды. Бул тууралуу “Tengrinews.kz” маалымат агенттиги билдирди.
- Подробности
04.05.21
Өзбекстандын Энергетика инвестиция жана тышкы соода министрлиги жана Сауд Арабиясына таандык “ACWA Power” компаниясы, шамалдан электр энергиясын алуучу станциясынын долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу, Өзбекстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
06.05.21
“USAID” уюму Пакистандын “TCS Logistics” компаниясы менен биргеликте, эл аралык товар ташуу боюнча “Бажы Конвенциясынын” (TIR) алкагында, Борбор Азияга алгачкы жүк ташуу каттамын уюштурду.
- Подробности
05.05.21
5-май Кыргызстандын Конституция күнү. Бул күнү Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол коюп, өлкө элине кайрылуу жасады. Иш-чарага мурунку президенттер Сооронбай Жээнбеков, Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаттары жана коомдук-саясий ишмерлер катышышты. Анда президент жаңы Баш мыйзамга кол койду.
- Подробности
05.05.21
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 5-май күнү, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине келген мобилдик клиникаларды (беш даана) тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
05.05.21
Казакстандын Саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой Жамбыл облусуна курулган, Казакстанга таандык “QazVac” вакцинасын чыгаруучу завод жылына 60 миллион дозага жакын вакцина менен өлкөнүн муктаждыгын камсыздай тургандыгын мажлистин (парламент) депутаттары менен жолугушуу учурунда билдирди. Бул тууралуу, “Казинформ” маалымат агенттиги кабарлады.
- Подробности
01.05.21
Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков 29 апрель күнү, Дүйнөлүк банктын (ДБ) Европа жана Борбордук Азия боюнча вице-президенти Анна Бьерде менен онлайн режиминде жолугушуу өткөрдү.
- Подробности
03.05.21
Түркмөнстан жана Иран Каспий деңизинде мунай өндүрүү жаатында кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экендигин Түркмөнстандын Тегерандагы элчиси Ахмет Гурбанов Иранга таандык “KEPCO” мунай компаниясынын башчысы Али Осули мырза менен жолугушуу учурунда билдирген. Бул тууралуу, 2-май күнү “Алтын кылым” гезити жазып чыкты.
- Подробности
01.05.21
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 29-апрель күнү, Ашхабад шаарында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди кабыл алды.
- Подробности
01.05.21
Түркмөнстандын Казакстандагы элчиси Батыр Режепов 29-апрель күнү, Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Бейбут Атамкулов менен жолугушту. Тараптар көрүшмө учурунда, деңиз аркылуу товар ташууну көбөйтүүгө эки өлкө тең кызыкдар экендигин билдиришти. Бул тууралуу, Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.