- Подробности
22.04.21
Кыргызстанга Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы алып келинди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
22.04.21
Тажикстандын тышкы соода жүгүртүүсүндө, Казакстан Россияны экинчи орунга калтырып биринчи соода өнөктөшүнө айланды. Көп жылдар бою КМШ өлкөлөрүнүн ичинен, Тажикстандын тышкы соода жүгүртүүсүндө Россия биринчи орунду ээлеп келген.
- Подробности
20.04.21
Өзбекстандын “Global Export” компаниясы Өзбекстандын Франциядагы элчилигинин жана Экспортту илгерилетүү агенттигинин жардамы менен белгилүү француз компаниясы “Bonduelle” компаниясына буурчактын биринчи партиясын жөнөттү. Бул тууралуу “UzNews.uz” маалымат сайты билдирди.
- Подробности
08.04.21
Түркия жана Өзбекстан өз ара пайдалуу соода жүгүртүүнүн көлөмүн 5 миллиард долларга жеткирүүнү пландап жатышат.
- Подробности
20.04.21
Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин өкмөттүн жыйынын өткөрүп, буга чейин аткарылган иштеринин жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.
- Подробности
20.04.21
Казакстанда эпидемиологиялык абалды жакшыртуу үчүн жасалган иш-чараларга кошумча 265 миллиард теңге (614,5 миллион доллардан ашык) акча каражаты бөлүнүп берилет. Бул тууралуу, өкмөттүн жыйынында Казакстандын Каржы министри Ерулан Жамаубаев билдирди.
- Подробности
20.04.21
Өзбекстанда өндүрүлгөн “KIA” маркасындагы автоунаалары сатыка чыгарыла баштады. Бул маркадагы автоунаалар “ADM-Jizzakh” автомобиль заводунда өндүрүлөт.
- Подробности
16.04.21
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Самарканд облусунда жасаган иш сапарынын учурунда, Өзбекстан, Афганистан жана Пакистан болуп биргелешип ишке ашырылып жаткан “Мазари-Шариф-Кабул-Пешавар” темир жолун куруу долбоорунун маанилүүлүгүнө токтолуп өттү. Бул тууралуу, «Газеты.uz» маалымат агенттиги билдирди.
- Подробности
15.04.21
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Самарканд облусундагы туристтик борбордун курулуш иштери менен таанышуу үчүн барды. Бул тууралуу, президенттин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
17.04.21
Тажикстандын Транспорт министри Азим Иброхим Кытайдын “Hunan Road & Bridge Construction Group Company Limited” компаниясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Луи Фей мырза менен “Обигарм – Нуробод” унаа жолунун биринчи этабын куруу боюнча келишимге кол коюшту.