27.07.21

2021-жылдын январь-май айларында, Казакстан жана Түркмөнстандын соода жүгүртүүсү 74 миллион 600 миң долларга жетти. Жогорудагы көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 49% пайызга көпттүк кылат. Бул маалыматты шейшемби күнү "Finprom.kz" бизнес жана каржы боюнча иш алып барган аналитикалык порталы жарыялады.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери азыркы учурга чейин, Түркмөнстандан Казакстанга келген импорттун көлөмү 26 миллион  долларды түздү, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 80,3% пайызга көп болуп эсептелет.

Ошол эле учурда, 2021-жылдын алгачкы беш айында Казакстандан Түркмөнстанга болгон экспорттун көлөмү 48 миллион 600 миң  долларын түзгөн.

Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында Казакстандын Борбор Азия өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү 2 миллиард 300 миллион  долларга жетти. Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон сооданын дээрлик үчтөн экиси Өзбекстанга туура келет.

https://business.com.tm/ru/post/7367/kazakistan-ile-turkmenistan-aras%C4%B1ndaki-ticaret-hacmi-746-milyona-ulasht%C4%B1 

18.05.21

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен Кыргызстанга гуманитардык жардамдын биринчи партиясы 4500 тоннага жакын буудай уну жеткирилди. Гуманитардык жүктү тапшыруу аземине Казакстандын Кыргызстандагы  элчиси Рапил Жошыбаев жана Кыргызстандын Айыл, суу жана токой чарба министринин орун басары Азамат Мукашев катышты. Бул тууралуу, Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

22.05.21

Түркиялык  “Turkish Airlines” (Түрк аба жолдору) авиакомпаниясы Казакстандын Түркстан шаарына  “Түркстан-Стамбул” каттамы боюнча жаңы эл аралык аба каттамын ачты. Бул тууралуу, Казакстандын Жарандык авиация комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

12.05.21

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 11-май күнү, “KAZ Minerals” компаниясынын директорлор кеңешинин башчысы Олег Новачук. менен жолугушту. Көрүшмөнүн жүрүшүндө  Олег Новачук президентке “Актогай” тоо-кен комбинатынын курулуш-монтаждоо иштеринин экинчи этабынын жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Бул тууралуу “Акорда”  маалымат кызматы билдирди.

01.05.21

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) берген маалыматы боюнча, коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылы дүйнөдөгү түз инвестициянын көлөмү 42% пайызга төмөндөгөн. Мындай тенденцияга карабастан, 2020-жылдын аягында, Казакстанга Түркиядан келген инвестицияларынын көлөмү 2019-жылга салыштырмалуу 1,3% пайызга көбөйүп, 362,4 миллион долларды түзгөн.

08.05.21

Түркиялык “TAV Airports Holding” компаниясы Казакстандын “Алматы” эл аралык аэропортунун 100 пайыз акциясын сатып алды. Бул тууралуу “Tengrinews.kz” маалымат агенттиги билдирди.

05.05.21
Казакстандын Саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой  Жамбыл облусуна курулган, Казакстанга таандык “QazVac” вакцинасын чыгаруучу завод  жылына 60 миллион дозага жакын  вакцина менен өлкөнүн муктаждыгын камсыздай тургандыгын мажлистин (парламент) депутаттары менен жолугушуу учурунда билдирди. Бул тууралуу,  “Казинформ” маалымат агенттиги кабарлады.

28.04.21

Казакстандын мажилиси (парламент) пленардык жыйынында, Казакстан өкмөтү менен Азербайжандын өкмөтүнүн ортосундагы миграция тармагында кызматташуу боюнча макулдашууну ратификациялоону жактырды. Бул тууралуу, “Kazpravda.kz.” маалымат агенттиги билдирди.

26.04.21

Казакстанда 26-апрель күнү калкты коронавируска каршы жергиликтүү “QazVac” вакцинасы менен эмдөө башталды. Дүйшөмбү күнү вакцинанын биринчи дозасын алгачкылардан болуп саламаттык сактоо министри Алексей Цой алды.

20.04.21

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин өкмөттүн жыйынын өткөрүп, буга чейин аткарылган иштеринин жыйынтыгы тууралуу  маалымат берди.