- Подробности
01.25.22
Казакстан бир нече жыл ичинде транзиттик жана транспорттук каттамдарды диверсификациялоо үчүн 20 миллиард доллар акча каражатын жумшай тургандыгын, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди. Бул тууралуу “Интерфакс-Казакстан” маалымат агенттиги жазып чыкты.
- Подробности
30.12.21
Казакстандын Борбор Азиядагы бардык сооданын 70% пайызга жакын үлүшү Өзбекстандын туура келет. 2021-жылдын 10 айында эки тараптуу сооданын көлөмү 3,26 миллиард долларга жетти. Бул көрсөткүч 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29,8% пайызга көп. Ал эми аталган көрсөткүч 2019-жылдын 10 айына салыштырмалуу 10,6% пайызга көп.
- Подробности
24.12.21
Казакстан Өзбекстанга 75 миллиард теңге (172 миллион доллар) бааланган автоунаа жолун курууну пландоодо. Бул тууралуу Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
- Подробности
22.12.21
Казакстанда 2021-жылдын аягына чейин нефть өндүрүүнүн көлөмү 85,7 миллион тоннага, ал эми экспорттун көлөмүн 67,6 миллион тоннага жетүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу, Казакстандын Энергетика министри Магзум Мирзагалиев өкмөттүк жыйында билдирди.
- Подробности
13.12.21
Алматы облусунун Капшагай шаарында помидор өстүрүүчү күнөскана комплекси ачылды. Күнөскананын аянты 4 гектар жер аянтын ээлейт. Аталган долбоорго 3,5 миллиард теңге өлчөмүндөгү инвестиция салынган. Бул тууралуу “Kapital.kz” маалымат агенттиги билдирди.
- Подробности
13.12.21
Казакстандын Шымкент шаарында, эки өлкөнүн биргелешип курган эки ишкананын ишке кириши күтүлүүдө. Бул тууралуу, аталган шаардын акимчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
10.12.21
Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин 10-декабр күнү, иш сапары менен Караганда облусуна барды. Өкмөт башчы жаңы өндүрүш жана социалдык-маданий объектилердин ачылышына катышып, облустун тургундарына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу, CentralAsia.news маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
07.12.21
Казакстан Кыргызстанга “Yutong” үлгүсүндөгү 1000 даана автобус экспорттомокчу. Бул тууралуу, Казакстандын премьер-министрлиги маалымдады. Буга чейин, 2020-жылдын декабрь күнү Казакстанда “Yutong” маркасындагы автобустарын чыгарган биргелешкен ишкана ачылган.
- Подробности
08.12.21
Казакстан жана Кыргызстан чек арасында өнөр жай соода-логистикалык комплексин курмакчы. Бул тууралуу, Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
07.12.21
Казакстандын Улуттук статистика бюросу маалымдагандай, жеңил унааларды өндүрүү 2021-жылы 61,8 миңге жетип рекорддук көрсөткүчтү түздү. Өткөн жылга салыштырмалуу 19% пайызга көптүк кылат. Бул тууралуу “еnergyprom.kz” маалымат кызматы билдирди.