11.04.24

Өзбекстандын Сурхандарья облусунун делегациясы 2024-жылдын 7-9-апрелинде Венгрияга болгон иш сапарынын алкагында 124 миллион долларлык келишимдерге кол коюшкан. Өзбекстандан келген делегация Венгриянын борбору Будапештте бир катар иш-чараларды, жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

14.04.24

Кыргызстан менен Өзбекстандын Тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Бахтиер Саидов 14-апрелде Ташкентте “Борбор Азия – Перс булуңунун кызматташтык кеңешинин” Стратегиялык диалогуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин экинчи жыйынынын алкагында эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

02.04.04

Өзбекстандын Транспорт министринин орун басары Илхомжон Абдугафаров Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Бекжан Рисмендеев менен 2-апрелде жолугушту.

29.03.24

Өзбекстандын Инвестиция, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов 29-мартта Азербайжандык “Greenstream International” компаниясынын негиздөөчүсү Рамин Шарифов менен жолугушту.

29.03.2024

Өзбекстандын Экономика жана каржы министрлигинин жетекчилиги менен түркиялык “Gemetis” компаниясынын негиздөөчүсү Мустафа Эржан Озгур баштаган делегациянын жолугушуусу болду.

26.03.24

Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда жаңы электр станцияларынын курулушун ишке киргизүү аземи өттү. Үч долбоордун жалпы баасы 1,1 миллиард долларга жетти. Бул тууралуу, Өзбекстан өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

25.03.24

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөдөгү электр жана гибриддик унаа транспорт каражаттарын өндүрүшүн уюштуруу жана инвестициялык келишим долбооруна кол койду. Бул жөнүндө жергиликтүү маалыматтар каражаттары билдирди.

25.03.24

Өзбекстандын Венгриядагы элчилигинин өкүлдөрү үй канаттууларын өстүрүү жана тоют рационун иштеп чыгууга адистешкен “Babolna Tetra” компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту.

18.03.24

Өзбекстандын Инвестиция, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов “Azersun Holding” (Азербайжан) башкармалыгынын төрагасынын орун басары Саваш Узан менен жолугушуу өткөрдү.

15.03.24

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 15-мартта Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов баштаган өкмөттүк делегацияны кабыл алды. Жолугушууда эки өлкөнүн көп тармактуу кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү маселелери талкууланды.