08.02.23

Өзбекстандын Айыл чарба министри Азиз Воитов Ташкент облусунун акимчилигинин өкүлдөрү менен биргеликте 8-февраль күнү, Венгриянын “Bonofarm Group” компаниясынын аткаруучу директору Аттила Чани  баштаган делегациясына канаттуулар фабрикасын куруу үчүн жер тилкелерин көргөзүштү.

06.02.23

Өзбекстандын Транспорт министри Илхом Махкамов менен Түркиянын Өзбекстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Олган Бекар менен 6-февраль күну жолугушуусу болуп өттү.

26.01.23

Өзбекстандын текстиль өнөр жайын өнүктүрүүнүн  модели КМШ өлкөлөрүнүн арасында барган сайын популярдуу болууда. Учурда Өзбекстандын ишкерлери биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн коңшу өлкөлөргө активдүү чакырылууда.

30.01.23

Өзбекстандын “UzAuto Motors” компаниясы 2022-жылы 101,617 даана автоунаа өндүргөн. Чыгарылган автоунаалардын 64,427 даанасы  өлкө ичинде сатылган. Анын ичинде “Chevrolet Cobalt” маркасындагы автоунаасы дагы бар.

25.01.23

Өзбекстандан “Түркмөнбашы” эл аралык деңиз порту аркылуу транзит менен Азербайжанга жүздөн ашык көлөмү 40 футтук контейнерге салынган автоунаа тетиктерин жөнөттү.

23.01.23

Өзбекстандын Түркмөнстан менен тышкы соода жүгүртүүсү 2022-жылы 926,3 миллион долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,7 пайызга өскөн. Бул тууралуу Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитети билдирди.

17.01.23

Өзбекстан 2023-жылы саякат үчүн мыкты өлкөлөрдүн тизмесине россиялык саякатчы блогерлери жана журналисттери тарабынан киргизилди.

13.01.23

Түркиянын президентине караштуу адам ресурстарын башкаруу аппаратынын кызматкерлеринен турган делегациясы 2-январь күнү Өзбекстанда иш сапары менен болушту. Түркиядан келген делегациянын курамына Президенттик башкаруу аппаратынын окутуу жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Волкан Назли жана Башкаруу кызматтары бөлүмүнүн долбоорлор боюнча координатору Анил Гюнел жетектеп келишти. Коноктор Өзбекстандын IT-паркынын ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты.

10.01.23

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 2022-жылдын октябрь айында, Венгрияга жасаган иш сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну тездетүү боюнча “жол картасы” бекитилген болучу. Аталган документ Ташкент шаарынын акими Жахонгир Артыходжаев тарабынан  бекитилген.

12.01.23

Агроөнөр жай тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү максатында, Түркмөнстандын Айыл чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин өкүлдөрүнөн турган делегация иш сапары менен Өзбекстанда болушту.